Бишкек, "Саясат. kg". Ташиев шайлоо жыйынтыгы боюнча пикирин жарыялады.
"Урматтуу Мекенчилдер, шайлоочуларым!
4-октябрда өлкөбүздө болуп өткөн шайлоо таза эмес өткөндүгүнө күбө болдуңуздар!
Бирок акыркы алдын ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгы бүгүн 5-октябрда чыгат деп күтөбүз.
Мен аягына чейин турамын, сиздер да туруңуздар, биз жеңебиз буюрса!" - деп жазды Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, БШКнын болжолдуу жыйынтыгы боюнча, парламентке азырынча төрт партия өткөнү белгилүү болду. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан".