Бишкек, "Саясат. kg". Алар шайлоо жыйынтыгын демократиянын үлгүсү деп баалашты. 

"Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Бул биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый этап жана биз аны татыктуу басып өттүк. Шайлоо кампаниясы бийик саясий атаандаштыкта болду. Буга баарыбыз күбө болдук - катышуучулар да, байкоочулар да. Албетте, эреже бузуулар да катталды, бирок алар шайлоо жыйынтыгына таасир бере алышпады.

Бирок баары бир Кыргызстан 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо кезектеги жолу дүйнөгө демократиянын бардыгын даңазалады. Таза шайлоо - ал турмак биздин жөнөкөй эмес, авторитардык аймакта да болоорун далилдеди.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы өзүнүн жеңиши менен сыймыктанат, бирок муну чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. Биздин жеңиш - өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү каалаган күчтүн жалпы жеңиши", - деп билдирди "Мекеним Кыргызстан" партиясы. 

Эске салсак, БШКнын болжолдуу маалыматы боюнча парламентке төрт партия өттү. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан".