Добуш берүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүп баштады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, шайлоого 3 млн 523 миң 554 шайлоочунун ичинен 1 млн 604 миң 562 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 пайызын түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 23:20да башталган маалымат жыйында тааныштырды.
23:20га карата жыйынтык
- «Биримдик» — 24,53
- «Мекеним Кыргызстан» — 23,9%
- «Кыргызстан» — 8,74%
- «Бүтүн Кыргызстан» — 7,9%
- «Мекенчил» — 6,85%
- «Республика» — 5,81%
- «Ата Мекен» — 4,4%
- «Ыйман нуру» — 3,35%
- «Бир Бол» — 3,3%
- «Чоң казат» — 2,33%
- «Замандаш» — 2,15%
- «Социал-демократтар» — 2,12%
- «Реформа» — 1,64%
- «Мекен ынтымагы» — 0,63%
- «Ордо» — 0,22%
- Афганчылар партиясы — 0,17%
- Баарына каршы — 1,79%
Булак: Баракелде