Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары жарыяланып жатат.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүп баштады. Бул маалыматты БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирген.

  • Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, шайлоого 3 млн 523 миң 554 шайлоочунун ичинен 1 млн 604 миң 562 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 пайызын түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары жарыяланып жатат.

Саат 22:20га карата жыйынтык:

  • «Биримдик» — 24,54%
  • «Мекеним Кыргызстан» — 23,91%
  • «Кыргызстан» — 8,74%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 7,09%
  • «Мекенчил» — 6,84%
  • «Республика» — 5,81%
  • «Ата Мекен» — 4,02%
  • «Ыйман нуру» — 3,35%
  • «Бир Бол» — 3,03%
  • «Чоң казат» — 2,33%
  • «Замандаш» — 2,15%
  • «Социал-демократтар» — 2,12%
  • «Реформа» — 1,64%
  • «Мекен ынтымагы» — 0,63%
  • «Ордо» — 0,22%
  • Афганчылар партиясы — 0,17%
  • Баарына каршы — 1,8%