Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жаңыланып жатат.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүп баштады. Бул маалыматты БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, шайлоого 3 млн 523 миң 554 шайлоочунун ичинен 1 млн 604 миң 562 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 пайызын түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жаңыланып жатат.

Саат 21:27ге карата болжолдуу жыйынтык.

«Биримдик» — 24,85%;
«Мекеним Кыргызстан» — 24,33%;
«Кыргызстан» — 8,9%;
«Бүтүн Кыргызстан» — 7,22%;
«Мекенчил» — 6,95%;
«Республика» — 5,93%;
«Ата Мекен» — 4,1%;
«Ыйман нуру» — 3,42%;
«Бир Бол» — 3,08%;
«Чоң казат» — 2,37%;
«Замандаш» — 2,19%;
«Социал-демократтар» — 2,15%;
«Реформа» — 1,65%;
«Мекен ынтымагы» — 0,64%;
«Ордо» — 0,22%;
Афганчылар партиясы — 0,18%;
Баарына каршы — 1,82%.

***************************************

Саат 20:30га карата БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялаган алгачкы жыйынтыктар (улам жаңыланып турат):

- «Мекеним Кыргызстан» 24%

- «Биримдик» 23,60%

- «Кыргызстан» 9,02

- «Бүтүн Кыргызстан» 6,97

- «Мекенчил» 6,90%

- «Республика» 5,86

- «Ата Мекен» 4,02%

- «Ыйман нуру» 3,37

- «Бир бол» 2,87%

- «Чон казат» 2,37

- «Замандаш» 2,12

- «Социал-демократтар» 2,07

- «Реформа» 1,55%

- баарына каршы 1,78

- «Мекен ынтымагы» 0,65

- «Ордо» 0,22

- «Афган согушунун ардагерлеринин партиясы» 0,17

***************************************

Саат 20:10го карата 1285 шайлоо тилкесиндеги 911 957 бюллетень иштелип чыккан.
Автоматтык башкаруу системасындагы алгачкы жыйынтыктар — саат 20:10гө карата (улам жаңыланып турат):

«Мекеним Кыргызстан» — 18,75%
«Биримдик» — 17,92%
«Кыргызстан» — 10,42%
«Бүтүн Кыргызстан» — 6,26%
«Республика» — 6,04%
«Мекенчил» — 5,79%
«Ата Мекен» — 3,6%
«Бир Бол» — 2,9%
«Ыйман нуру» — 2,71%
«Чоң казат» — 2,31%
Баарына каршы — 1,65%
«Замандаш» — 1,62%
«Социал-демократтар» — 1,42%
«Реформа» — 1%
«Мекен ынтымагы» — 0,67%
Афганчылар партиясы — 0,16%
«Ордо» — 0,2%

Булак: Баракелде