Бишкек, "Саясат. kg". Жазуучу шайлоодогу ыпылас көрүнүштөргө кейип билдирүү калтырды. 

"Отко салса күйбөгөн,сууга салса чөкпөгөн" адамдар болот. 

Алар кандай гана бийлик алмашпасын, ар бирине сүлүк курттай жабышып, күн көрүп келе жатышат. 

Андай адамдар максатка жетүүнүн бардык каражаттарын (анын ичинде арамдыкты,кыянаттыкты) колдонуудан баш тартышпайт.

Өздөрүнө жол ачуу үчүн ак ниет,таза жана мыкты адамдарды бийликке ушактап жүрүп алыстатканга аракеттенишет.
"Падышаларга туура жолду көрсөтушпөгөн" (Ш.Дуйшеев) дал ошолор.

Зинакан Пасанова, жазуучу, акын