Парламенттик шайлоо күнү Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Баткен облусунда күндүн биринчи жарымында, саат 10го чейин 17 796 шайлоочу добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны - 284 265.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Баткен районунда 2127, Баткен шаарында 688, Кадамжай районунда 7192, Кызыл-Кыя шаарында 2303, Лейлек районунда 4691, Сүлүктү шаарында 795 киши добушканаларга барышкан.

Парламенттик шайлоо күнү Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетиничи чакырылышынын мандаты үчүн 16 партия ат салышууда.

Булак: Азаттык