Бишкек, "Саясат. kg". Мэр каалаган партиясына добуш бергенин жана бул анын конституциялык укугу экенин белгиледи. 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев саат 9.00дө добуш берүүгө келди. Анын биометрикалык маалыматын аппарат дароо эле тапкан жок, шайлоо участогунун башка кызматкеринин аракети менен гана мэр добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

"Биз, администрациядагылар бардык партиялар үчүн бирдей шарт түзүп бердик. Баары тынч өтөт деп ишенем. Бир дагы кызматкерибиз партиялардын үгүт ишине аралашпады", - деди Сарыбашев. 

Ал өзү тандаган партияга добуш бергенин жана бул анын конституциялык укугу экенин белгиледи.