Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагында COVID-19 вирусунан калкты коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм. 

-Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоону камсыздоо;

-Ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин идентификация жабдуусун дезинфекциялоо;

-Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жоопкер адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;

-Беткапты, колкапты жана башка жеке коргонуу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;

-Адамдар арасында социалдык аралыкты сактоо — 1,5-2 метрден кем эмес;

-Шайлоо участогунда шайлоочулардын беткап тагынуусу абзел;

-Эмеректин жана техникалык жабдуунун бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт.

Кыргызстанда 2430 шайлоо участогу, 28 чет мамлекетте 45 жана 11 кошумча шайлоо участогу Ош жана Москва шаарларында ачылган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев БШКнын пресс-борборундагы брифингде, бардык шайлоо участкаларында 5700гө жакын медициналык кызматкерлер иштеп жатканын айтты. Бардык шаарлардагы жана райондордогу ооруканаларда нөөмөттөгү дарыгерлер бар.

Булак: Маралфм