Андан кийин С.Жээнбеков кыргыз элине кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Бүгүн, 4-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо участогунда, тактап айтканда №5 мектеп-гимназияда добуш берди.

Андан кийин С.Жээнбеков кыргыз элине кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Шайлоо адилеттүү өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык саясий партиялар үчүн бирдей шарт түзүлдү. Жаңы партияларга дагы бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок. Бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Бардык партиялардын дебаттары мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлүп турду. Кандай саясий көз карашы, программасы бар, сын-пикир айтууга эч кандай чектөөлөр, тоскоолдуктар болгон жок. Бардыгы программаларын, сын-пикирлерин эркин, каалагандай билдирип жатышты. Үгүт иштери абдан курч саясий атаандаштыкта өттү.

Шайлоо ачык-айкын өтүшү үчүн мыйзам алдында бардык милдеттеримди аткардым.

Бүгүн шайлоочунун добушу баарын чечет. Кайдыгер болбой, шайлоо участогуна келип, добуш берели. Өзүбүздүн тандообузду жасайлы. Ар бир адамдын добушу мамлекеттин келечегине таасир этет.

Бүгүн бүт дүйнө бизге назар салып турат. Шайлоонун жыйынтыгына эч кимдин шек саноосу болбошу керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элдин тынчтыгы бийик турат», - деди президент.

Булак: Баракелде