Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ноокен районуна барды. 

Коррупцияга бир аралашкан адам андан чыга албайт, элге ооз жүзүндө убада бергени менен иш жүзүндө көнгөн адатын кайталайт. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокен районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Биздин катарыбызда жалаң жаш жана таза адамдар баратат. Бирөөсүнүн да кайсы бир убакта мамлекетке мындай зыян келтирген деген жаман жарлыгы жок. Мен канча жыл мамлекеттик ар кайсы кызматтарда иштедим. Мамлекеттин бир ташын менчиктештирген жокмун. Айланама да өзүм сыяктуу эл-журтка, мекенге зыянын тийгизбеген, пайдамды тийгизсем деп умтулган адамдарды топтодум. Коррупцияга бир аралашкан адам ал саздан чыга албайт. Коррупционер болуу – дээринен. Көкүрөгү бөксө адам өлүү дүйнөнүн артынан кубалайт, мамлекеттин байлыгын, элдин ырыскысын жулмалап өз оокатын толтурууга ашыгат. Бул өмүр бою өнөкөт болуп калат. Коррупционердин көзүн бир гана топурак толтурат! Мына ошондой адамдар силердин добушуңарды сатып алууга аракеттенип жатат. Акчага алдансаңар, коррупционерлерди шайласаңар, алар кайра парламентке барышат да мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн ыңгайына жараша иштешет. Керек болсо мамлекетти сатышат! Башка өлкөлөрдүн карамагына Кыргызстанды байлап берүүдөн да тартышпайт! Анткени алардын жандүйнөсү бош, байлыкты сүйгөн жүрөктө мекенчилдик сезими жашабайт. Булар –кыргыз элинин трагедиясына жаралгандар! Ошондуктан, урматтуу шайлоочу, мамлекетибиз бүтүн, балдарыбыздын келечеги ачык болсун десек, эл – журтка адал кызмат кыла тургандарды шайлашыбыз керек!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү