Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Таш-Көмүр шаарына барды. 

Кыргызстандын жаратылышын талкалап өндүрүлгөн алтындын үзүрүн аткаминерлер жана инвесторлор гана көрүүдө. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Кыргызстандын алтын запасы 5 гана тонна. Эмнеге мындай болууда? Анткени, аткаминерлер алтын кенин инвесторлорго 10 миллион долларга сатышат да, алар бүтүндөй алтынды чыгарып кетип, жүз миллионго сатышат. Жыйынтыгында, үзүрүн аткаминерлер менен инвесторлор көрүп, мамлекетке бир тыйын пайда жок. Талкаланган жаратылыш гана калды. Муну мыйзам менен токтотушубуз керек. Биз даярдаган мыйзамдын негизинде Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 30 пайызы мамлекетке калат. Дагы 30 пайызы салык, соцфонд, айлык акы болсун, калган 40 пайызын инвестор алса деле жетет. А биз азыр жүз пайыз берип жатабыз. Эгерде жылына 30 пайыз – 7-8 тонна алтын өлкөдө калчу болсо, он жылда 70-80 тонна алтын топтолот. Мына, байлык. Өлкөбүз тез эле бутуна туруп, экономикасын көтөрүп алат”, - деди Камчыбек Ташиев.

      

 

           

 

             

 

        

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү