Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Аксы районунун Кара-Жыгач айылына барды. 


Парламенттик шайлоо – мамлекеттеги эң жогорку бийликтин дайындалышын камсыздайт. Бул өз кезегинде ар бир жарандын жашоосуна таасирин берет. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Бул шайлоо өтө маанилүү. Добуш берүү менен мамлекеттеги эң жогорку бийликти шайлап жатабыз. Парламент – эң жогорку бийлик. Силердин добушуңардар парламент куралат, парламенттин негизинде өкмөт дайындалат. А өкмөт ар бир жарандын жашоо-турмушуна оң же терс таасирин тийгизет. 

Мен өлкөнү түрө кыдырып келатам. Эл арасында жүрүп эмнени байкадым? Добуш сатуу жана сатып алуу деген тамырыбызды кырка турган начар адат жашообузга сиңе баштаптыр. Бир нерсени унутпаңыздар – бүгүн сиздерге акча берген тарап, эртең сиздердин келечегиңиздер үчүн жоопкерчилик албайт. Анткени, ал жоопкерчиликти акча менен төлөп койду. Мамлекеттин келечегин, балдарыбыздын тагдырын ойлосок, эки миң, беш миңге алданбашыбыз керек!” – деди Камчыбек Ташиев.

                

 

             

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү