Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Көл шаарына барды. 

Өнүккөн мамлекетти курууга ар бир жаран кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Көл шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Өзүбүзгө жараша парламент, бийлик болот. Эл парламентти шайлайт, парламент өз кезегинде Өкмөттү дайындайт. Демек, сиздердин добушуңуздар менен мамлекеттин эртеңи түптөлөт. Биз акча таратпайбыз, элдин чыныгы колдоосу менен парламентке барып калса, аткара турчу иштерибиз көп. Биринчи кезекте, жалпы элдик Референдум аркылуу мамлекеттик бийликти тактап алышыбыз керек. Президенттик же парламенттик же президенттик-парламенттик бийликти эл өзү тандашы керек. Учурда мамлекетте болуп жаткан окуяларга жоопкерчилик алган эч ким жок. Пандемияда эл кыйналды, дары таппай, ооруканадан орун таппай, жаны менен алек болду. Ошондой кезде өкмөт башчы арызын жазды да отставкага кетип калды. Ал үчүн жооп берген да жок. Бул мамлекетте жоопкерчиликти алган бийлик бутагы жоктугун билдирет. Ушундай жоопкерчиликсиздиктен арылуу үчүн бир жактуу бийликти так аныкташыбыз керек. Президенттик башкарууга өтсөк мамлекеттин экономикасына, социалдык маселелерге – баарына президент болуп шайланган адам жооптуу болот. Мында өкмөт башчынын кереги жок. Президент бийлик жүргүзүп жана ал бийлиги учурунда кетирген катачылыгы үчүн жалгыз өзү жооптуу болууга тийиш!” – деди Камчыбек Ташиев.

      

 

     

 

         

 

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү