Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты.

Алардын 15и «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясына тиешелүү.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан БШКнын чечими менен Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда тизмеден чыккандардын саны жалпы 44 кишини түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Калган 42 кишинин тизмеден чыгып кетишинин чоо-жайы маалымдалган жок.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот.

16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. Добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. 

Булак: Азаттык