Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Кулжа районуна барды. 

Бийлик жана байлыкка басым жасалган жерде чындыкка орун калбайт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Чындык дер чыркырап түрмөдө отурган досум Садыр Жапаров үчүн "Мекенчил" партиясын жетектеп шайлоого бараарымды билишкенден кийин жанымда жүргөндөрдүн көбү кетишти. Алар бийликтүүлөр менен байлыктууларга кошулууну каалашты. Мен жалгыз калдым, мени колдогон жаш жигиттер менен жакындарым болду. 

Садыр жөнүндө канча айтсам да сөз түгөнбөйт. Мен бир гана нерсени айтайын - ал жигиттин көргөн азабы менен тозогу элинин жыргалчылыгына багытталган. "Кыргыз элим мени чыгарып алат, элим акыйкаттыкты орнотот", - деп силердин колдооңорду күтүп отурат. Досумду эркиндикке чыгарып, өлкөбүздө акыйкаттуулуктун бардыгын далилдөөгө мага жардам бериңиздер", - деди Камчыбек Ташиев.