Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Суу районуна барды. 

Куру убадаларга эмес, реалдуу иштерге басым жасоо керек. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын талапкери Равшан Сабиров Кара-Суу районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Биз жарышка катышып жаткан бардык партияларга оомат каалайбыз. Бирок беш жыл мурда куру убада берип элди алдагандар азыр да арасында бар. Добуш берээрде ар бир партиянын аткарылбай калган убадаларын да эстеп көрүңүздөр. 

Кыргызстан көп улуттуу өлкө, 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Баарыбыз ынтымакта, биримдикте болуп, бир муштумга чогулсак, мекенибизди көтөрүп алабыз. "Мекенчил" партиясы парламентке келсе, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени чыңдайт. Чек ара маселесин чечүүгө көңүл бурат. "Мекенчил" - таза партия, сиздин тандооңуз болооруна ишенем", - деди Равшан Сабиров.