Ошондой эле маалыматта "Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи" деп айтылат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 21-сентябрда кабарлады.

Ошондой эле маалыматта "Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи" деп айтылат. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын да берди.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдады.

Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Булак: Азаттык