Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ош шаарына барды. 

“Мекенчил” саясий партиясынын элдин жашоосун жакшы нукка буруучу экономикалык программасы ишке ашырылууга даяр. Бул тууралуу саясий партиянын талапкери Бакыт Аманбаев Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

\“Биздин негизги максат – кыргыз элинин жашоосун оңдоо. Канткенде биз элдин жашоо-шартын жакшырта алабыз деген суроого жооп берейин. Парламентке барып калсак, биринчи кадамыбыз соңку 30 жыл бою Кыргызстанды тоногон  бир ууч коррупционерлердин коррупциялык схемасын кан буугандай токтотобуз. Ал үчүн мыйзам долбоору даяр. Биринчиси, энергетика тармагында 30 жылдан бери 17 ишкананын ээси 1кВт электр энергиясын 1 тыйындан сатып алат да, аны элге 77 тыйындан сатат. 700 кВттан ашып кеткенде 2 сом 16 тыйынга бааланат. Коңшу өлкөлөргө 3 сом 50 тыйындан сатат. Кышында, элге берүүгө электр энергиясы жетпей калганда, кайра эле коңшу өлкөлөрдөн 5 сом 50 тыйынга сатып алат. Кайсы акчага? Элдин, силердин акчаңарга. Бул аткаруу бийлигинин кыргыз элине жасаган кыянатчылыгы. Биз ушуну токтотушубуз керек!” – деди Бакыт Аманбаев.