Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кызыл-Кыя шаарында.

Кыргызстанда чечилүүгө муктаж маселелер көп. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Равшан Сабиров Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары менен жолушууда билдирди. 

“Биз, “Мекенчил” партиясы парламентке барып калсак, “Кумтөрдү” элге алып, Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз. 4 миллиард долларга чамалаш болуп кеткен сырткы карыздан кутулуу зарыл. Ансыз мамлекет толук кандуу көз карандысыз өлкө болбойт. Пандемия ооруканаларды жаңылоо, санын көбөйтүү зарылдыгын көрсөттү. Буйруса, бул маселени да чечүүнү колго алабыз. “Мекенчил” – элдик партия. Ал эл үчүн иштейт!” – деди Равшан Сабиров.

          

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү