Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Айдаркен шаарына барды. 

Эртеңки парламент – элдин бүгүнкү тандоосунан көз каранды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Баарыбыз чындык үчүн бек турсак, эч ким сатып ала албайт. Бүгүнкү тандооңор- эртеңки парламентти түзөт. Акча сунуштагандар алдыңыздарга келип, жолугуша албайт. Анткени аткарган иши, айта турган сөзү жок. Коррупционер болбосо акча сунуштагандын ордуна эл алдына келмек. Мен жүрөгүндө жалы, акылы жана туура тандоосу бар кыргыздар көптүгүнө ишенем. Коом кандай болсо, жетекчи да ошондой болот. Андыктан, добуш сатпай, татыктууларды тандап алыңыздар”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү