Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Кадамжай районуна барды. 

Партиялык система мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегендердин парламентке келүүсүнө жол ачты. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мамлекетибизге 120 депутат көптүк кылат. Ашып кетсе 75 депутат болсо жетиштүү. Балким 50 депутат кылабызбы же 35ке жеткиребизби,  аны талкууда чечебиз. Бирок эң көп дегенде 75 болушу керек. Партиялык система менен депутат шайлоо туура эместигин убакыт көрсөттү. Айрым партиялар алдына бир-эки жакшы инсанды коюп алып, арасына коррупционерлерди кошуп парламентке өткөрүп кетип жатат. Ошондуктан бир мандаттуу системага кайра кайрылып, эл өз депутатын так билип шайлагыдай кылышыбыз керек. Биз муну ишке ашырабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

Мамлекетибизде 10 депутат коп деп атабыз ашып кетсе 75 депутат болот. 50бу же 35би аны талкууда тктайбыз. Экинчиден бугун мына парлаент партиялык тизме менен туулуп атат. Бул мафиоздук система, анткени арасына кор салп алып партия тузум менен оиуп етип атышат. Ошонуктан ир мандаттуу системаны киргиебизю алдына койгон бир эки баланы жакшы деп добуш бергени менен арасында чыккынчы да отуп кетип атат.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү