Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен шаарына барды. 

Парламент - билимдүүлөргө, эли-жерин чын жүрөгүнөн сүйгөн мекенчил инсандарга муктаж. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Депутат болом деген адам илимдүү-билимдүү, эли-жерин жүрөгү, акылы менен сүйгөн мекенчил болуусу шарт. Парламентке барып алып эки ооз сөздү туура сүйлөй албай калып, аны шайлаган элди уятка калтырбашы керек. Биз, кыргыздар ата-бабалардын жолун улантып, мусулман болуп төрөлдүк. Улуу аалым Чубак ажы дүйнөдөн кайтаарына аз калганда, өмүр менен кош айтышаарын жүрөгү сезгенсип мусулман бир туугандарга осуят калтырды. Ал кыргыздын намысына тийчүдөй кылып айтты: “Саткан добушуңар үчүн алган акчаңар - арам. Ал акчага балаңарга тамак-аш алып бербегиле. Ал акча силердин келечегиңердин соодасы болуп калат. Татынакай турмушуңарды акчага алмаштырбагыла!” – деген. Ушул сөз бизге жетиши керек. Коррупционерлердин арам максатын ишке ашыруусуна өбөлгө болуп бербейли”, - деди Камчыбек Ташиев.

              

                        

                        

                

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү