Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Лейлек районуна барды. 

Камалган саясатчылардын баары абактан чыгарылды, аларга колдонулган жоболор, амнистия Садыр Жапаровго келгенде иштебей калды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-сентябрда Лейлек районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Ар кандай беренелер менен камалган саясатчылардын баары абактан чыгарылды. Паракору да, коррупционери да, мамлекеттик чыккынчы да жаңы Кодекстин негизинде бошотулду. Бир гана Садыр Жапаров чыккан жок. Анткени, ал акыйкатсыздыктын алдында тизе бүгүүдөн, бийликчилерге духун түшүрүүдөн баш тартты. “Карапайым элимдин акыйкаттуулугуна ишенем, ошолор мени чыгарып алат”, - деп отурат. Сиздердин жардамыңыздар менен Садыр досумду түрмөдөн чыгарышым керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

             

            

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү