Бул чечим документтерди БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү жеткирбегени менен байланыштуу.

«Кыргызстан» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу документтерин Борбордук шайлоо комиссиясы кайра өткөрүп берет. Мындай чечим БШКнын бүгүн, 25-августтагы отурумунда кабыл алынды.

Ал эми партиянын лидери Канат Исаев комиссиянын бул чечими менен макул эместигин, чечим берилгенден кийин партия сотко кайрыла турганын билдирди.

БШК партиялардан талапкерлердин тизмеси тууралуу документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтоткон. Ал эми «Кыргызстан» саясий партиясы көрсөтүлгөн убакытта партиянын өкүлү документтерди БШКга бергенге жетишпей, каттоо журналындагы убакыт оңдолгону тууралуу маалыматтар, сүрөттөр социалдык түйүндөргө тараган.
****************************************************

Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди текшерүү боюнча жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин мыйзам бузуу болгондуктан кайтарып берүүнү сунуштаган. Мындай сунушту жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн, 25-августтагы жыйында айтты.

Бул чечим документтерди БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү жеткирбегени менен байланыштуу. Ал эми кечээ өзүн жаман сезип, ооруп жаткандыктан документтерди өзү өткөрбөгөнүн билдирген «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Эльвира Абилдиева бүгүн да ден соолугу жакшы эместигин айтты. Анын айтымында, БШКга документтерди жеткирген адам ага жардамчы катары бекитилген.

Булак: Баракелде