Вице-премьер-министр Аида Исмаилова да парламенттик шайлоодо талапкер болуп катышат. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, вице-премьер-министри Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулган.

Аталган буйрукка премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон. Ага ылайык, Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулган.

Азырынча кайсы партиядан талапкер болуп катышары тууралуу так маалымат жок. 

Белгилей кетсек, Аида Исмаилова 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.  Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келет. 

Булак: reporter.kg