"Ыйман Нуру" саясий партиясы курултай өткөрүп, анда партиянын төрагасы шайланды.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы бекитилди.

Маданият жана маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков партиянын төрагасы болуп шайланды. 

"Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин алгачкы ондугу:

1. Макешов Чынгыз Дүйшөнкулович

2. Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

3. Куручбеков Аскарбек Бактыбекович

4. Ашимова Динара Ашимовна

5. Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович

6. Пасанов Эржигит Жетимишович

7. Абдиев Бактыбек Абышевич

8. Тойгоналиева Мээрим Тенчиликовна

9. Ташбаев Учкунбек Азизбекович

10. Бакиров Мамасадык Сабирович.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. 

Булак: media-center.kg