Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП  парламенттик шайлоого катышпайт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын маалыматына ылайык, аталган шайлоого 11 саясий партия катышпоо тууралуу билдирүүсүн берген.

– КР Агрардык партиясы

– «Демократ».

– «Кыргызстан коммунисттер» партиясы

– «Эмгек».

– «Бирик» («Мекеним Кыргызстан» менен бирикти)

– «Таза Коом» («Кыргызстан» менен бирикти)

– Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы

– «Ар Намыс»

– «Бийлик элге» («Власть народу»)

«Единство народа Кыргызстана» («Ыйман нуру» менен бирикти).

Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө «Жаратман Эл» партиясы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо фондун түзүү үчүн эсеби ачылган эмес, ошол себептен аталган партияны БШК каттоодон өткөргөн жок.

Ал эми БШКга кийинки шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниети жөнүндө «Кыргызстандын Патриоттору» жана «Билим Илим Ордосу»  маалымат беришкен эмес.

Курултайларды мыйзамда белгиленген мөөнөттө 22 партия өткөрдү.

Булак: reporter.kg