Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо иштери 4-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар бүгүн, 20-августта талапкерлердин тизмесин тактап бүтүрүшү керек. Ал эми партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 24-августта саат 18:00гө чейин талапкерлерди каттоого алуу үчүн тиешелүү документтерди БШКга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо иштери 4-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу үчүн алгач 44 партиядан кайрылуу түшкөн. Бирок кийинчерээк алардын айрымдары кайра баш тартты.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Булак: Баракелде