8-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дүйнөдөгү эң чоң алтын кендеринин бири болгон "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы ар кайсы этаптарын коштогон коррупциялык фактылары боюнча кылмыш иши иликтенип жатканын айтты. Бул кен өлкөнүн ИДПсынын 10 пайыздан ашыгын камсыздайт. Козголгон кылмыш ишинин фигуранттары болуп ондогон аткаминерлер жана өлкөнү 1991-жылы эгемендүүлүгүн колго алгандан бери башкарып келген бардык мурдагы президенттер - Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков саналышат. Акаев менен Бакиев учурда чет өлкөлөрдө жашашат жана аларга эл аралык издөө жарыяланды. Сөз өлкөдөн пара берүү жолу менен уурдалган жана адалданган миллиарддаган долларлык алтынды кайра кайтарууга арналган улуттук өкмөттүн буга чейин болуп көрбөгөндөй аракети тууралуу болууда. 

Кыргызстан Россия менен достук мамилени карманган өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Өлкө Евразия экономикалык биримдигине жана ЖККУга кошулган, калкынын жарымы орус тилинде эркин сүйлөйт жана орус тили Конституцияда расмий тил болуп бекитилген. Тоо түзүмдөрүнүн батыш жана борбордук бөлүгү Тянь-Шань, Памир-Алай тоолору уникалдуу жаратылышка жана пайдалуу кендердин запасына ээ. Бирок 30 жылдан бери жаш республиканын жетекчилиги экономиканы өнүктүрүү менен эмес, тескерисинче, Советтер Союзунан калган же тереңде жаткан байлыктардын таратуу менен алектенди. Жыйынтыгында, Кыргызстан Азиядагы эң бир жакыр өлкөлөрдүн бирине айланды. Калкынын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөргө иштөөгө кеткенге аргасыз болушту, көбүнесе Россияга келишти. 

"Кумтөр" кени 1978-жылы ал кездеги советтик геологдор тарабынан ачылган. 1997-жылы канадалык Cameco Кумтөрдө алтын казып алуу ишин баштаган. 2003-жылы компания кенди бардык негизги фонддору менен мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүп бериши керек болчу. Бул убакта алтындын баары бир топ көтөрүлдү, ошондуктан канадалыктар ошол учурдагы президент Аскар Акаевди коррупциялык схемага тартышты. Camecoнун активдери  Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлүп, анда республиканын үлүшү мурдагыдай 67 пайызды эмес, болгону 33 пайызды түзүп калды. Бул Торонтодогу биржанын листингине шылтоолоп жасалган. IPO алдында, Акаев мамлекеттик акциялардын бир бөлүгүн арзыбаган акчага сатууга жетишти, бирок жакынкы келечекте алар бир нече эсе кымбатташы айдан ачык эле. Ошентип, мамлекеттин үлүшү келишим боюнча 100 пайыздын ордуна ... 26 пайызга түштү.

Компаниянын үстүнөн ыкчам көзөмөл толук алынгандан кийин, "чет элдик инвесторлор" революциялардын натыйжасында алмаштырылып турган бардык башкаруучу элитага пара беришкен. Мындан улам аларга көзөмөл органдары, экологиялык көзөмөл жана салык органдары тийишкен эмес.

Толук жоопкерчиликсиздикти сезгенден кийин алар Карл Маркс айткан Жозеф Даннингдин капитал үчүн 300 пайыз киреше тууралуу "дарга асып кыйнаса да, тобокелге салынбай турган кылмыш жок" деген формуласынын тирүү далили болуп калышты. 

Жыйынтыгында, айлана-чөйрөгө чоң залал келтирилди, ошол аймакта жашаган  3,5 миң адамдын ден соолугу жана өмүрү коркунучка кептелди. Акыркы трагедиялуу окуя декабрда болду - көчкүдөн эки жумушчу каза тапты, алардын сөөгү азыр да табыла элек. Жакында мен бул шумдук картинаны жарым күн кенде болгондо, өз көзүм менен көрдүм. Аскалардын эч нерсе менен бекитилбей салаңдап турган катмарларынын түбүндөгү асфальтталбаган жолдор. Иштетилгенден калган 2 миллиарддан ашуун тонна калдыктар деңиз деңгээлинен 5 миң метр бийиктикте турган мөңгүлөрдүн тилдерине төгүлөт. Бул болгондо дагы сейсмикалык коркунучтуу аймакта, Тянь-Шань тоолорунда! Мөңгүлөр каалаган убакта каалаган жагына жылып кетиши мүмкүн, бир тарабынан 3,5 миң адамдын өмүрүн алат, экинчи тарабынан алтынды щелочтоого пайдаланылган цианид сактоочу жайды кыйратат. Ошондо, бул агым тоо дарыяларын ууландырат, а ал дарыялар Борбордук Азиянын түздүктөрүнө түшөт. 
Ардактуу "инвесторлор" салыктардын баарын төлөшкөн эмес, которгон дивиденддери болбогон сумма. 25 жылда 27 миллиард киреше табышса да, кыргыз мамлекетине акционер катары берген дивидендди 87 миллион долларды гана түздү. 
2017- жылы  Centerra менеджменти дээрлик 1,5 миллиард доллар топтогон, андан кийин аларды Кыргызстандан сырт,  алыскы кендерге салган, мисалы, Невадага 500 миллион доллар. Бир жылдан кийин бул чечим жаңылыштык катары бааланган, анткени катмарлар 1,5 километр тереңдикте жайгашкан, ал эми инвестиция... эсептен чыгарылды. 

Ушул сыяктуу эле көрүнүш Монголия жана башка өлкөлөрдө да кездешти. Ушундай "бизнести кеңейтүү" шылтоосу менен компаниядан ири суммадагы каражаттар чыгарылган. Ошол убакта "Кумтөрдөгү" миңдеген жумушчулар тобокелчилиги күч жумушу үчүн арзыбаган айлык алышты, чет өлкөлүк менеджерлер өздөрүнө он миллиондогон доллар бонус төлүштү. Алар колдонулган катерпиллерлерди 650 долларга сатып алышып, андан кийин эсептен чыгарышып, 6 миң долларга башка майнинг компанияларына сатышты. Жылына киреше 1,2  миллиард долларды, ал эми чыгаша 300 миллион долларды түзгөн убакта компания кирешесин болгону 200 миллион доллар деп көрсөтүп турган. 

Кыргызстандын учурдагы президенти Садыр Жапаров 2012-жылы эле парламенттин депутаты болуп турганда "Кумтөргө" тартип киргизүүнү талап кылган. 

Ал экологияга келтирилген өтө терс таасирлер, пара жана уурдоолор тууралуу айткан. Бул аракети үчүн түрмөгө отурган, анткени алтын өндүрүүчүлөр бардык мурдагы жетекчиликти, президенттерди жана премьер-министрлерди баш кылып коррупциялап салышкан болчу. Буга Кыргызстандын өлкөдөн качып кеткен мурдагы президенттеринин болуп көрбөгөндөй байлыгы далил - "Кумтөр" дайыма алардын мыйзамсыз баюусунун башкы жана жалгыз булагы болгон. 
 Өткөн жылдын күзүндө кезектеги революциянын жыйынтыгында Жапаров түрмөдөн чыгарылып, ушул жылдын январь айында Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Өзү сыяктуу эле "Кумтөрдүн" жапайычылык менен эксплуатацияланышына каршы күрөш жүргүзгөнү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, куугунтукка кабылган пикирлештери менен кенди мамлекеттик көзөмөлгө алуу процессин баштады. Жакында бул ишке ашты, мурдагы менеджмент кенди "санарип мээсинен" ажыратууну көздөп, бардык  IT-жабдыктарын жана софтту чыгарып кетсе да, коюлган максат аткарылды. 
Ага карабастан ишкана иштеп жатат жана Жапаровдо республиканын бюджетин болгондо да кыска убакытта бир нече эсе көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк турат. Эл аралык валюта рыногундагы туруксуз шартта алтынга болгон баа жогоруну көздөй кетүүдө. Биз буга чейин түшүндүргөндөй, "капекс" жана "опекстер" миллиарддаган доллар киреге алууга жардам берет. Бирок мурда кирешелер республиканы башкаргандардын үй-бүлөлүк жеке бюджетине агылып,  мамлекеттик казынага 6-7 пайызы гана түшүп турган. Бирок ошол 6-7 пайыз мамлекеттин кирешелеринин 20 пайызын камсыздаган. Эми кирешенин 100 пайызы тең мамлекетке түшкөндөн кийинкисин элестетип кое бергиле.

Албетте, учурда  мамлекеттин улуттук байлыгын 20 жылдан ашуун майкандаган "Кумтөрдүн" мурдагы кожоюндары өлкө жетекчилигинин бул аракеттерине ар кандай каршылык көрсөтүшөт. Алар эл аралык саясий арена аркылуу да кысым жасашат. Садыр Жапаровдун эрки өз жолунан кайтпай, алдыга кадам таштоого жетеби? Мына ушул нерсе эң кызык. 
 
 

Александр Лебедев, Улуттук инвестициялык кеңештин президенти, экономикалык илимдердин доктору