- Туратбек агай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин президентти атайылап шылдыңдап, жаманатты кылган адамдарга карата чара көрүү керектигин айтып чыкканы коомчулукта ар тараптуу реакцияны пайда кылды. Өлкө башчысын өзүбүз сыйлабасак, өзгөлөр эмне дейт? Президентти шылдыңдап, атасына чейин асылган учурлар болот. Бул сөз эркиндигиби?

- Камчыбек Ташиев да негизинен туура эле маселе көтөрдү.  Көп учурда чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап, үй- бүлөсүнө чейин асылып, акылга сыйбаган иштерге жол бергендер бар. Анын бир себеби катары коомдун бузулганын да айтсак болот. Такталбаган маалыматтар коомду бузганы үчүн азыр бир нерсе чыкса эле апыртып, көбүртүп, жабыртып, шыбап, каралап  жатып калышат. Ал турсун жогорку посттогу чиновниктердин, депутаттардын 30-40-жылдагы ата-тегине чейин асылышат. Чынында  сындасаң катачылыкка жол берген чиновниктин тегине асылбай,  ишмердүүлүгүн айтканды үйрөнсөк болот эле. Жетекчи өз ишмердүүлүгүнө гана жооп берет. Ата- теги үчүн жооп бербейт.  Менин позициям ошондой. Чиновниктерибизди, президентти шылдыңдаганыбыз Кыргызстанга абийир алып келбейт. Каралай берген туура эмес. Мисалы, президентти шайлап алып, шылдыңдаганыбыз да орунсуз. Кандай болсо да президент өлкө башчысы. Анын ишмердүүлүгүн кеп кылсак да,  шылдыңдабашыбыз керек. Анткени, башка мамлекеттин прессасын, Интернетин көзөмөлдөп турган адамдар президент иш сапарга барганда  бизге позициясын билдирип  келип жатат. Бирок, өз мамлекетинде мындай пикирлер басымдуулук кылат экен. Элинде кадыры жок экен деп туура эмес мамиле жасалышына мүмкүнчүлүк жаратып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн ойлонуп сүйлөшүбүз керек. Ашыкча асылып, популизмден алыс болушубуз керек. Камчыбек Кыдыршаевичтин бул сөзүнөн кийин бийликке ичи жылыбагандар бир жактуу сындап эле калышты. Бирок, мен аны сөз эркиндиги деп эсептебейм.

Анткени, сөз эркиндиги дегенди биздин коом жакшы түшүнбөй жаткансыйт. Бирөө сөз чыгарып койсо эле аны сайттар тактабай туруп, бири-бирине ыргытып, коомдук пикир жаратуунун аракетин көрүшөт. 20 жылдан бери кыргыз коомчулугу  такталбаган маалыматтардан  чарчап кетти. Журналисттер, блогерлер ар бир сөзүнө маани берип, жазганына жоопкерчилик менен мамиле кылып, туура эмес маалыматтын аныгын билбей туруп жарыялабай коюшса тартип да орномок. Жоопкерчилик да болмок.  Сөз эркиндиги деп эле адамдын аброюна шек келтире бергенден алыс болушубуз керек.

Чиновниктерди дагы сындаган маалда сындап, жакшы иштеп жатса колдоп, сүрөп турушубуз керек. Каралап, жалаа жапкандан  пайда деле чыкпайт. Тындырбай эле тебелеп, тепсеп каралап, кылымышкер кыла берсек анын кесепети мамлекетибизге эле тийет. 

Эми Ташиев акыркы 10 жылда апогейине жеткен жалган маалымат менен күрөшүп, жоопкерчиликти жогорулатса, анын бул аракетин колдоого алышыбыз керек.