- Сонунбүбү эже, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин президентти атайылап шылдыңдап, жаманатты кылган адамдарга карата чара көрүү керектигин айтып чыкканы коомчулукта ар тараптуу реакцияны пайда кылды. Өлкө башчысын өзүбүз сыйлабасак, өзгөлөр эмне дейт? Президентти шылдыңдап, атасына чейин асылган учурлар болот. Бул сөз эркиндигиби?
- Кийинки учурда сөз эркиндигине жамынып алып, чектен чыгып кеткен учурлар көбөйдү. Оозум бар деп эле окшошсо, окшошпосо жамандап, жерге- сууга чапкылай беришет. Көрүп тургандай, кошо жүргөндөй сүйлөй беришет. Эми ошол сөздү ачык айтса гана, көпчүлүгү бетин жаап алып пастыкка барышат. Мындай көрүнүштөр акыры ооздукталышы керек. Мамлекет болгон соң колго кармаар жакшыбыз болушу керек го акыры. Президентибизди өзүбүз сыйлабасак, ким сыйлайт?
Бийликке каршы топтор, сындап бул маселени көтөргөн Ташиевди да каралап, депутаттар атайын билдирүү менен чыгып жатышканына карабай мен Ташиевдин жарлыгын колдойм. Ал эң туура маселе көтөрдү.
Айрыкча журналисттер арсар маалымат таркатса, бирөөнү басмырлаган жалган маалымат таркатса эч жерге, эч качан журналист болуп иштебесин дегенди дагы кошумчалайт элем. Анткени, журналист болумуштар дагы ушундай калпыстыкка жол берип жатышат.
Чынында сөз эркиндиги - адамдын адамдыгына шек келтирбесе анан сөз эркиндиги болот. Оозум бар деп эле өлкөнү тополоң кылып, жалганды сапыра бергендер жооп бериши керек.