Оруссиялык РИА Новости агенттиги «Кумтөр. Кыргызстандын уурдалган келечеги» деген аталыштагы Максат Элебесовдун көлөмдүү макаласын жарыялады.
Аталган макалада кыргыз бийлиги "Кумтөр" долбоорундагы өз кызыкчылыктарын коргоп баштаганы жана канадалык ири алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы менен каршылашып, чоң оюн башталганы баяндалган.
Ошондой эле ачуу чындык орун алган макалада “Кумтөр” кенинин айланасындагы процесстер Кыргызстанды дээрлик бардык азыркы тарыхын коштоп жүргөнү. Борбор Азиядагы эң ири алтын кени өлкөнү өнүгүү үчүн чоң ресурстар менен камсыздаса болмоктугу, бирок кыргыз эли долбоордон түшкөн акчанын, пайдасын сезбегени тууралуу сөз болгон. Эң негизгиси талаштын негизги предмети - кирешени Канадалык компания менен Кыргыз Республикасынын ортосунда бөлүштүрүү тууралуу ачык айкын жазылып, Кумтөр - Центерранын кирешесинин кыйла бөлүгүн түзгөнү айтылган.
Мисалы, 2020-жылы кирешенин 58% камсыз кылган. Атүгүл кен жалпы кирешенин 90%дан ашыгын камсыз кылган жылдар болгону айтылат.
«Кумтөрдү» улутташтыруу Садыр Жапаровдун тушунда эле эмес, ага чейинки ар бир төңкөрүштө көтөрүлгөн маселе болгону тууралуу сөз болуп, макаланын ичине кендин пайда болуу тарыхынан тартып, азыркы мезгилге чейинки өндүрүмү цифрлар, даталар менен келтирилген. Кыскасы, Кудайдын көзү түз болсун дейли. Буйруса “Кумтөрдөн” элдин ырыскысын уурдагандар да жоопко тартылып, аттары ачык айтылат. Ал ортодо "Кумтор Голд Компани" ден 500 миллион доллар чыгарылып кетиши боюнча Алмазбек Атамбаевге, Сапар Исаковго жана башка кызматтык адамдар боюнча да маалыматтар тарай баштады. Кудай буйруса, баарына юридикалык баа берилет. Алар займдарды карыз катары чыгарып кетип, дивидент катары төлөнгөндөй каттатып коюшканын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кечээги маалымат жыйынында маалымдады. Бул факт боюнча жигердүү иш жүрүп жатканына токтолду. Мамлекеттин ырыскысын уурдай качкан азаматтар эртеби, кечпи сот жообуна тартылып, колу менен кылганын мойну менен тартат деп ишенели.