- Эрнест мырза, ажобуз Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдардан ачыктыкты, тактыкты талап кылган мыйзамга кол коюп, жыландын куйругун басып алган жокпу?
- Президент бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга кол коюп туура кылды. Өзүңүздөр байкагандай, кайсыл жерде чыр болсо, бейөкмөт уюмдар ошол жерге чогулуп калат. Маселе жаратышты максат ыкылып алышкан. Эгер алар бийликке тоскоолдук жаратпай конструктивдүү сунуш беришсе бир жөн. Буладын колунан бийликти сындагандан башка иш келбейт. Тагыраагы, адам укугу, демократия деген сөздөргө жамынып алышып, көп жылдардан бери либералдуу көз караш конституцияларды (партиялык система), мыйзамдарды кабыл алынышына салым кошуп, мамлекеттин конструкциясына коркунуч келтиришти. Кыскасы, чет өлкөдөн ири суммадагы каражаттарды алып, отчет бербей,тайраңдап жүрүшөт. Мамлекеттин коопсуздугун бекемдеш үчүн Президент туура эле кылды. Мен муну туура кадам катары баалайм.
- Бирок, укугубуз чектелди. Сындап койгонубуз үчүн ушундай чара көргөнү жатат деп чыгышса не болот?
- Албетте, Орустар айткандай "Кто платит, тот и танцует" деп. Биринчиден, ким каржылап атканы билинет. Экинчиден, каражат кайсы жакка жумшалып атканы ачыкка чыгат. Мындан чоочулай турган деле эч нерсе жок. Болгону, бейөкмөт уюмдардын аракети мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына терс таасир бербейби деген эле маселенин алкагында каралат. Мисалы, дүйнө жүзү либералдык идеологиядан баш тартып, консервативдүү идеологияга өтөбүз деп даярданып жатышат. Кыргызстан да консервативдүү идеологияга ( жарандардын кызыкчылыгынан мамлекеттин, өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгын жогоруу коёт) өтсө, бейөкмөт уюмдар либерализмди дагы эле тепкилей берсе, анда мамлекеттин идеологиясына, жалпы элдин кызыкчылыгына карама каршы турган болуп калышабы? Андай болбош керек, мындай ситуация мамлекеттин конструкциясына түздөн-түз терс таасир этет. Менин оюумча, кол коюлган мыйзам жарандардын, бейөкмөттөрдүн жоопкерчилигин жогорулатат.