Кыргызстандагы либералдуу деп аталган оппозиция, тагыраак айтканда батышчыл саясатчылар жана активисттер акыркы бир нече күндөн бери "импичмент" деген сөздү көп кайталашууда, кыязы Түркиянын жаранынын уурдалышын шылтоо кылып өлкөдө революция жасап жиберишерине ишенип алышты окшойт. 

Бирок Кыргызстанга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кайтып келди да, алардын бул кыялынын ойронун чыгарды. Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, бул себеп менен саясий толкундоолор эмне үчүн болушу мүмкүн эместигин жай жайына коюп, кеңири түшүндүрүп берди. 

Биринчи кезекте УКМКнын башчысы боло турчу революцияны бүгүн талкуулап жаткан саясий экстремисттердин аракети  белгилүү экенин айтты. Алардын аракетинежараша  реакция болот. 

- Саясатчылар ойлонуп, толгонуп, даярданып башташты. Көп саясатчыларды мен билем, алар бизде каттоодо турушат. Алар даярданышып, парламенттик шайлоодон кийин революция болот деп айтып жатышат. Биздин бийлик элдин бийлик, эч кандай революция болбойт. Биз ага жол бербейбиз. Биз андан көрө революциясыз эле өзүбүз кетебиз. Ошондуктан, саясий экстремисстер билдирүүлөрүңөрдү ойлонуп жасагыла. Урматтуу саясатчылар, эч кандай революция болбойт, - деди Ташиев. 

Камчыбек Ташиев ошондой эле, Интернет аркылуу мамлекет башчысына жана башка жооптуу кызмат ээлерине карата далилсиз жалааларды жаап жаткандар дагы качандыр бир жоопкерчиликке тартылаарын белгиледи.

- Урматтуу жарандар, токтоткула. Коомчулукту чыңалтуунун кереги жок, деструктивдүү күчтөргө, аракеттерге чакырык жасоонун кереги жок. Мунун арты өкүнүчтүү аякташы мүмкүн, - деди Ташиев. 

УКМКнын башчысы Орхан Инандынын уурдалышы боюнча да пикирин билдирди. Ал Инандыны 2015-жылдан бери уурдоого аракеттер жасалганын, бир ирет чекисттер аны өлкөдөн чыгарып баратканда токтотуп калышканын айтты. Андан тышкары, УКМК Орхан Инандыга Кыргызстанда уурдоого аракеттер болуп жаткандыктан өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган. 

Аны менен катар Камчыбек Ташиев Инандыны башка кыргызстандыктар менен салыштырууга болбой турганын белгиледи. 

- Ал башка өлкөдө жасаган кылмышы үчүн жооп берет, Кыргызстандагы эмес. Ал бизге башка өлкөдөн келди. Ал өлкөнүн бийлигинин версиясына караганда, Инанды ал жакта террористтик ишмердүүлүк жүргүзгөн жана андан кийин гана бизге келип отурукташып калган, - деп түшүндүрдү. 

 Ошондой эле, ал Орхан Инандынын экинчи паспортунун бардыгы да анын Түркияда саясий жагдай өзгөрүп кетсе, мекенине кайтууга ниети болгонун билдирээрин айтты. 

Маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү Кумтөр" боюнча кылмыш ишинин жүрүшүнө арналды. УКМКнын төрагасы бул ишке түз жана кыйыр катыштыгы бар бардык саясатчыларды жана аткаминерлерди атады жана ошондой эле, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков жана башка профилдик мекемелердин ошол учурдагы башчыларынын, Centerra Gold компаниясынын жооптуу өкүлдөрүнүн аракетине юридикалык баа берилээрин билдирди. 

- "Кумтөрдөн" жарым миллион долларды чыгарып кетишкен. Бул факт аныкталды. Бул эпизод боюнча активдүү иш жүрүүдө, - деди ал. 

 Ал камалгандардын тизмеси дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн айтты. Кол тийгиздер жок - ал турмак Бабанов да камалды. 

- Кумтөр ишине ким аралашкан болсо, баарын отургузабыз. Сиздер билесиздер, учурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов отурат. Качандыр бир Бабанов камалат деп эч ким ойлогон эмес.  Баары ага тийише алышпайт дешкен, а биз тийиштик, анткени анын коррупциялык иштер боюнча конкреттүү эпизоддору бар. Асылбек Жээнбеков боюнча да эпизод бар. Ага эч ким тийбейт, анткени ал экс-президенттин иниси деп ойлошкон. А биз аны камадык, - деди Ташиев. 

 Ал Акылбек Жапаровду да эгер анын коррупциялык иштерге катыштыгы бардыгы аныкталса, жоопкерчиликке тартаарын белгиледи. 

 Ошондой эле, Ташиев УКМКнын коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтерин, камалган аткаминерлер менен саясатчылардын саны, ошондой эле чекисттер тарабынан мамлекеттик казынага канча каражат кайтарылганын айтып берди. 

- Мындай көрүнүш укук коргоо кызматтарында буга чейин болгон эмес, - деди Ташиев. 

Анысы чын. Коррупция менен мындай натыйжалуу ушул убакка чейин эч ким күрөшкөн эмес, массалык аресттер, массалык зыянды толтуруулар болбогон. Либералдар эмнени ойлоп табышбасын, бийликти кулатууну кыялданышпасын, карапайым кыргызстандыктар үчүн өлкө жетекчилиги "Кумтөр" боюнча тарыхый акыйкаттуулукту орношуп жана бюджетке коррупционерлер уурдаган суммаларды кайтарып жатканы маанилүү. Ушул нерсе бүгүнкү күндө элге жакын жана түшүнүктүү, ал эми айрым бирөөлөрдүн кезектеги революцияны ишке ашырып жиберүүгө далалаты суу кечпейт, биз практика жүзүндө революция өлкөгө эч кандай жакшы нерсе алып келбей турганын түшүнбөдүкпү. 

"VB.KG" сайтынан алынып, которулду