- Рамазан агай, Акаевди жоопко тартыш керек эле деп көптөн бери айтып жатасыз. Жоопко тартыш үчүн кандай аракеттерди көрүш керек?

- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев  буйруса, “Кумтөр” эле эмес,  демаркация, денонсация кылып, чек араны тактоонун аракетин да көрүп, катуу киришип жатышат. Ага чыдабагандар жок жерден чуу чыгарып, абалды оорлоштуруунун аракетин жасашууда. Чек арага да чыр чыгарууга үлгүрүштү. Эң негизгиси, Кудайдын көзү түз болсун. Буйруса, бул кыйынчылыктардын баары артта калат. Кылым афёрасы атыккан “Кумтөр” кениндеги коррупцияны далилдеп, коррупционерлердин күнөөсүн моюндарына коюшса, Акаевди Кыргызстанга экстрадициялаш керек. Демаркация, делимитация маселеси жыйынтыкталса, президент ушул ишке киришиши зарыл.

- Бирок, Акаевди Путин бербейт го?

- Туура, Путин бербегенге аракет кылат. Бирок, Путинге элдин ырыскысын курутуп, мамлекеттин таш-талканын чыгарган Акаев менен достугуңуз жогорубу же бүтүндөй кыргыз элинин достугу жогорубу деген талап коюшубуз керек. Путин кимди тандаарын убакыт көрсөтөт. Бирок, биз  тайманбай Акаевдин мезгилинде башталган “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштерди далилдеген документтерди Россиянын прокуратурасына жөнөтүшүбүз керек. Тагыраагы, Тышкы иштер министри, Башкы прокуратура да киришип, Акаевдин күнөөсүн далилдеген материалдарды чогултуп, орустар кынтык издебегидей кылып, тапшырышыбыз керек.  Ошондо гана “Кумтөр” Кыргызстанга кызмат кылат. 

Садыр Жапаров президент кезде бул маселени чечип албасак,  башка президенттердин бул ишке киришүүгө духу жетээрин Кудай билет. Кыскасы, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров турганда “Кумтөрдү” толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алышыбыз керек.