- Айылчы агай, акыркы мезгилде батыштын саясатын колдогондор өтө активтешип кеткени айтылууда. Батышчыл күчтөрдүн көкөсөгөнү эмне?
- Батышчыл күчтөр азырынча Кыргызстандын кандай мамлекет болоорун түшүнө албай жатышат. Бекер келген эркиндик баасыз болуп жатат. Кыргыздын үрп адаты, каада -салты алар үчүн архаикалык, ал эми Европанын ЛГБТ башчылары креативдүү көрүнүп жатат. "Пулуң болсо кулуңмун" деп батыштан келген бекер акчалар күлк -мүнөздү бузуп жатат. Мен деле АКШда, Италияда, Түркияда окуп да, жашап да келгем. "Соростун" бекер акчасын да алып бир нерселерди уюштуруп көргөм. Бирок бузула алган жокмун. Алардын идеологиясын кабыл ала алган жокмун. Жакшы эле аракет кылышты. Бирок батыштын жаман сапаттарын жакшы билгендиктен моюн берген жокмун. Себеби, мен үчүн кыргыздар жана Кыргызстан баарынан кымбат. Биздин баалуулуктар баарынан жакшы. Албетте, кемчиликтерибиз да көп. Бирок баары бир биздин элге эч ким жетпейт.