- Президент бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. Эми сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындап жатып калышпайбы? 

- Бул мыйзам алардын колуна чынында, чыбык урду. Ооба, бир далайга чейин  жерди тебишип, асманды кулатабыз дегенчелик кылышып, дубана таарынычын жасашат. Бирок мыйзам деген Африкада да мыйзам. Баары бир аткарууга туура келет. Турмуш өзү ушундай, ар нерсенин башаты да, аягы да болот. Бейөкмөт уюмдар  эми өзүнүн сазын мактап, көчөлөргө чыгышып, жалпы элди дүрбөтө да, ээрчите да алышпайт. Кыргызстан талаштуу болсо да ушул мыйзамга чаңкап калгандай. 

- Бул мыйзам акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орното алабы?

- Меним оюмча  “чү” дегенде эле баары ойдогудай болбойт. Анткени, бүгүн президентке жана ал жүргүзүп жаткан саясатка ачык эле каршы чыгышып, Фейсбукта кала берсе мазактап жаткан учурларын көрүп жатабыз го. Ооба, сынган, бирок  агып баратып талды кармай калган бир араң жан, бирок каражат жагынан күчтүү күчү бар. Мына ошолордун жардамы менен бир далайга ызы-чуу кылышат. Орхан Инанды уурдалганда көз жашын төгүшкөндөй. Анткени, президенттин ар бир кадамын аңдышып, оң десе сол дешип жаткандар  жөндөн жөн  моюн сунбайбыз, "жатып өлгүчө, атып өлөбүз" таризинде  турушкандай. Бирок мыйзамды аткарып киришкенде баарынын суу жүрөк экендиги билинип, кайрадан кудум ушул мыйзамды мактап чыккандар болот.