- Эмне үчүн акыркы мезгилде Кыргызстанда кыздар ала качылса деле, Орхан Инанды жоголсо деле америкачыл көз караштагылар митингге чыгып, Кыргызстанга жалгыз эле ошолор күйгөндөй таасир калтырып, абалды башка жакка бурууга аракет кылууну адат кылып алышты?
- Анткени, тапшырма ошондой. Ким каржыласа ошонун музыкасы ойнолот. Ошондой эле ошолор талап кылган маалымат берилет. Батышка Бурулай менен Айзаданын кыйылган өмүрү эмес, биздеги үрөй учурган терс көрүнүштөр керек батышка. Болбосо Баткенде баскынчылар тарабынан оо дүйнөгө кеткен наристе Мадинаны эстеп койбогондор бүгүн Орхан бей деп өпкө жүрөктөрү үзүлүп жатат. Орхан деп оңкосунан кетип, чыңырып аткандар дагы Гүлендин акырынан жем жегендер. “Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт” дегендей өз элине өз мамлекетине чагымчыл карасанатайлык иш кылып, террор уюштуруп батбай эл жеринен куулган адам кыргызга күйүп, биздин келечегибизге камкордук көрөт деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Алардын өз максаты, өз саясий көз карашы ишке ашыра турган көп жылдык келечектүү ой толгоолору бар. Беш он жылдан кийин Орхон бейди мамлекет башчы кылабыз деп чыкпайт деп ким кепилдик берет. Мына бүгүнкү чыңырып аткандардан эле анализ кылса болот.
- Батышчыл күчтөрдүн каалаганы эмне?
- Өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып өз саясатын жүргузуу ошол эле маалда көп кырдуу кө0з карашты орноту айрыкча жаштарды өз тарыхынан нукура баалуулуктардан алаксытуу салт-санаа нарк насилден алыстатуу, улут катары чачыратып жеңил желпи көп кырдуулукту орнотуу. Бир сөз менен айтканда, өз музыкасына оюнга түшүрүү...