Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотко жеткирилген жок. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралмак.
Жактоочу Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, буга чейин Ф.Ниязовду сотко жеткирүү боюнча кайрылуу берген.
«Кечээ, бүгүн камактагы башка адамдар эпидемиологиялык абалга карабай сотко жеткирилип жатканын көрдүк», - деди жактоочу.
Ал Ф.Ниязов сотко жеткирилбегендиктен отурумду жылдырууну суранды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу бул суранычты колдоого албоону сунуштады.
Соттук коллегия тараптардын пикирин уккандан кийин жактоочунун суранычы канааттандырылып, отурум 29-июнга жылдырылды.
7-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын караган. Анын жыйынтыгында Ниязов 10-августка чейин СИЗО-1 абагында камакта калтырылды.
Ниязов 2019-жылы 8-августта кармалып, СИЗО-1 мекемесине камалган. 2020-жылдагы октябрдагы окуялардан кийин абактан бошотулган. Бирок 10-октябрда кайра кармалып, СИЗО-1 мекемесине камалган. Бул жолу ал 2020-жылы 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык баш аламандык уюштурууга шектелүүдө.
Булак: Баракелде.орг