“Кумтөргө” байланышкан жаңжалдардан улам онго жакын экс-чиновниктер кармалды, дагы ошончосу сурак берүүдө. Алар негизинен 2012-жылы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы иш кылып, өлкөбүздүн “Центеррадагы” үлүшүн 32 пайыздан 26,6 пайызга азайтып, Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн талкалаганга уруксат бергендиги, анын айынан жаратылышыбызга жалпы көлөмү 3 миллиард доллар зыян келтирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн айыпталышууда. АШАнын кысымы, басымы менен 2017-жылы Кыргызстандын “Суу кодексине” атайын өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде  жогоруда аталган эки мөңгүнү талкалап жок кылып, анын түбүндөгү  алтын жаткан тилкелерди иштетүүгө уруксат берилген.

Чындыгында суу алтындан да кымбат.  Адам алтынсыз жашай берет, бирок таза суусуз бир күн да жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес. Аны быйылкы ысык ырастоодо. Суу жетишпегенден улам, башка чөл жактарды айтпай эле коёлу, кеңирсиген Чүйдүн айрым жерлериндеги эгин-тегиндер, башка айыл чарба өсүмдүктөрү куурап барат. Саратан баштала электе абал ушундай болсо, июль-август айлары кандай болот? Суунун аздыгынан улам алдыдагы кышта калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда  көйгөйлөр пайда болушу күтүлүүдө. Дүйнөдө таза суунун запасы жылдан жылга азаюуда. 1970-жылга салыштырганда дүйнөдө таза суунун запасы 60 пайызга жакын азайды. Сунун башында турган биз мындай кыйналып жатсак, андан төмөнкү элдердин абалдары кандай болот? Ошондуктан таза суунун запасына  кыянаттык келтиргендерге аёо болбошу керек.

2012-жылы азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия парламентке “Центерра” менен түзүлгөн келишимдердин, макулдашуулардын бардыгын жокко чыгарып, ишкананы улутташтыруу боюнча сунуш киргизгенде ошол убактагы президент, өкмөт башчысы, парламенттин спикери баш болуп бир катар депутаттар каршы чыгышып, ал сунушту өткөрбөй коюшкан. Алардын андай жоруктарында каржылык кызыкчылыктар болгондугу же алар “колуштукка” Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жиберишкендиги эми тергелип, тескелип, айрымдары аныкталып жатат. Ал убакта Атамбаев мамлекеттин башында турган. Анын макулдугу, жактыруусу болмоюнча бир да маанилүү маселе чечилген эмес. Тергеп-тескөөнүн жүрүшү ал аферанын башкы фигурантына же АШАга алып бара тургандыгы ачык болуп калды. Ансыз деле адам өлтүрүүдөн, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгенден, массалык башаламандыктарды уюштургандан баштап эң оор жети күнөө менен айыпталып жаткан Атамбаевге Кылмыш-Жаза Кодексинин өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарын саткандыгы үчүн деген дагы бир беренеси мойнуна илинет окшоп калды. Анын эн тамга басканга да соо жери калбайт окшойт.

Ошол убактагы АШАны “Аби” (түркчө аба дегенди билдирет) премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, спикерлер  Асылбек Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, вице-премьер министр, “Кыргызстан” фракциясынын лидери, кийин вице-премьер-министр болгон Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана башкалар АШАнын көрсөтмөсүз өз алдыларынча андай иштерге барышмак эмес.

Депутаттык комиссия андай сунуш киргизгенден кийин анын жетекчилери, колдоочулары тоталдык куугунтуктарга кабылышкан. Садыр Жапаровду Киев көчөсүнүн №74 жайындагы балдар бакчасын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн айыпташты. Андан кийин Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов үчөөсүн “Кумтөрдү  улутташтыруу боюнча митинг өткөрүшкөндүгү, Эмил Каптагаевди барымтага алгандыгы үчүн айыптап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратышты.Эмил Каптагаев ошондо эч кандай барымтага алуу болбогондугу жөнүндө көрсөтмө бергендигине да карашпады. Ал эми Тоң районунда “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча өткөрүлгөн митингде эч кандай мамлекеттик бийликти басып  алуу жана бийликти күч менен басмырлоо аракети болбогондугун бала деле билет. Бийликти басып алгысы келгендер Тоң районуна барып митинг өткөрүшмөк беле.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакында жакында “Кумтөр” боюнча тергеп-тескөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча мурдагы президенттер да жоопкерчиликке тартылуусу мүмкүн экендигин билдирди. Жоопкерчиликке тартуу Атамбаев  менен чектелеби же?

Бардыгын күтсө болот.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити