11-июнда Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары аяктады. Анын жыйынтыгы менен 7 документке кол коюлду. Ачыгын айталы, алардын бардыгы жакшы каалоо тилектерди камтыган меморандумдук мүнөздөгү документтер болду. Алардан Түркиянын Өкмөтү Кыргызстанды колдоо үчүн канча грант, кредит бере тургандыгы жөнүндө маалыматты көрө албадык. Ал эми азыр бизге каржылык, экономикалык колдоо аба менен суудай зарыл.
Мурдагы Союз кыйрагандан кийин Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири. Андан бери анын Кыргызстандын экономикасына жумшаган салымы 1 миллиард доллардан ашты. Ондогон түрк ишкерлери азыр өлкөбүздүн мейманкана, курулуш, соода, ресторандык ж.б. чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштешүүдө. Жалпысынан өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жарым миллирд доллардан ашты. Кыргызстан Түркияга айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттосо, ал жактан бизге кийим-кече, курулуш материалдары, жабдуулар келүүдө. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жакынкы жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү, Түркиядан Кыргызстанга аба каттамдарын жумасына 28ге жеткирүү тууралуу макулдашты. Пандемиядан, айрым башка себептерден улам соода жүгүртүү ыкчам өспөгөн менен маданий, гуманитардык байланыштар динамикалуу өсүүдө. Алсак, азыр Түркияда 40 миңге жакын Кыргызстандын жараны эмгектенет, ал өлкөдөн билим алгандардын саны 10 миңден ашты, дагы миңдеген улан-кыздар ал жакта билим алышууда. Ал эми Түркия өлкөбүздүн билим берүү системасынан ишенимдүү ордун тапты.
Түркия түрк тилдүү мамлекеттердин коопсуздуктары, улуттук кызыкчылыктары үчүн тынбай күрөшүп келатат. Өткөн жылдын сентябрынын аягында Азербайжан-Армения аскердик кагылышуусу башталганда Түркиянын Өкмөтү “кандай абалда болбосун биз дайыма Азербайжан менен биргебиз”,- деген билдирүү таркаткан. Азербайжан негизинен Түркиянын дрондорун колдонуу аркылуу отуз жылга жакын убакыттан бери оккупацияланып келген 7 районун кайтарып алды. Түркиянын дрондору Ливияда, Сирияда Россиянын аба күчтөрүн жеңди. Бул анын экономикалык гана эмес, аскердик жактан да эң кубаттуу державалардын бирине айланып бараткандыгын ырастайт. Самиттин жыйынтыгында Түркиянын расмий чөйрөсүнүн Кыргызстанга аскердик-техникалык жактан жардам бере тургандыгы тууралуу билдирүүнүн таркатылышы биз үчүн аябагандай чоң моралдык колдоо болуп саналат. Биз үчүн негизги коркунуч туудура баштаган Тажикстандын президенти жакында Пакистанга расмий иш сапар менен барып, ал жактан колдоо тапты. Биз да ишенимдүү шериктештерибиздин этектерин бекем кармабасак болбойт.
Чындыгында эле Кыргызстандын гүлдөп өсүп-өнүгүшүн чын дилинен каалаган дүйнөдө бирден бир өлкө болсо, ал - Түркия. Анткени, ал Косоводогу мусулмандардан тартып Сириядагы түркмөндөргө, Кытайдагы уйгурларга чейин алардын кызыкчылыктарын коргоп келатат. Кыйын учурда бизди таштабастыгынан шектенбесек да болот. Кыргызстандын кандай президенти барбасын Реджеп Тайип Эрдоган дайыма аларга “бир тууганым” деп кайрылат. Бирок, биздин жетекчилерден эмнегедир андай илбериңки сөз чыкпайт, бул жолу да ошондой болду. Эгерде биз Ататүрккө Бишкектин бир жерине заңкайган эстеликти тургузуп, адабий, маданий ишмерлерин алыбыздын жетишинче даңазалап, илбериңки мамилелерибизди, реверанстарыбызды аябасак, түрк ишкерлеринин мыйзамдуу бизнестерин чындап коргосок, эки өлкөнүн мамилеси азыркыдан кыйла жакшырып, тоо кендерин өздөштүргөнгө, ГЭСтерди курганга да инвестициялар келе баштамак.
Элибизде “ийилгенге-ийилгин” деген жакшы сөз бар. Түркия бизге дайыма ийилип келет, бирок биздин жетекчилерибизден андай адекваттуу маанайлар жакшы байкалбай келет. Манасты, Ала-Тоону, Чыңгыз Айтматовду алар барктап, даңазалагандай эле Түркиянын чыгаандарын да аздектеп барктасак, даңазаласак, боордош эки элдин саясый, экономикалык жана мамилелери, байланыштары чыныгы бир туугандык жолго түшмөк.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити