Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин эле Тажикстанга сапарын биринчи караганда, коңшу өлкөнү колдоо ниети катары кабыл алууга болот. Бирок сапардын алкагында кол коюлган келишимдердин маңызын иликтеп көргөндөн кийин анын багыты аныктала түшкөнсүйт. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди.
“Бардык кол коюлган келишимдер экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган, бул биринчи кезекте тынчтыкты сактоо процесстерине таасир этет. Чек арадагы эки тараптык конструктивдүү эмес дооматтардын фонунда тажик-өзбек мамилеси толук кандуу түшүнүүчүлүктө жана конструктивдүү багытта өнүгүп жатат.
Шавкат Мирзиеевдин акылмандык менен жүргүзгөн эл аралык саясаты Борбор Азиянын өлкөлөрүнө чек ара маселеси тынчтык жолу менен чечилет деген үмүт берет, бул айрыкча Кыргызстан менен Тажикстанга маанилүү.
Учурда Кыргызстан менен Тажикстан жарышып куралданууда. Эки тараптын тең айрым жарандары интернет желесинде улуттар аралык араздашууну жана жек көрүүнү козутуп жатышат. Россия менен Казакстан араздашкан эки тарапка берешендик менен курал-жарактарды жөнөтүүдө. Түркия Кыргызстанга азербейжан-армян куралдуу жаңжалында ийгиликтүү колдонулган БТ2 (Байрактар) берүүгө ниеттенди.
Мына ушул жагынан алып караганда, Өзбекстандын президенти Мирзиеевдин тынчтык орнотуучулук ролу күндөн күнгө өсүүдө”, - деди Бакыт Бакетаев.