Жогорку Кеӊештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун Жогорку билимдүү делген диплому жасалма экендиги аныкталганын атайын кызмат билдирди. Албетте, бул өтө оор кылмыш. Анткени жасалма диплом менен Төрөбай мырза өзүн гана алдабастан, бүтүндөй өлкөнү алдады. Мыйзам чыгаруучу эл өкүлүбүз мамлекетти жаш баладай кылып алдаганын эмне деп түшүнсөк болот?
Жогорку билими жок туруп, депутат болуп, жасалма дипломду экинчи жогорку билимди алмакчы болгондо бакыйган Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп, көз бойомочулук кылган.
Анын алгачкы Жогорку билимди кантип алганы туурасында атайын кызматтын билдирүүсүндө толук көрсөтүлдү. Ага токтолуунун кажети жок.
Анткен менен эми Төрөбай Зулпукаров мамлекетти алдап, көз бойомочулук кылганы үчүн эки жолку Жогорку Кеӊеште депутат болуп, мамлекеттин казынасынан алган айлык-маяна, кошумча төлөм дегендердин баарын бир тыйынына калтырбай кайтарып, казынага төгүп бериши керек. Муну мамлекетибиздин өзүн сыйлаган ар бир жараны талап кылат деп ишенем.