- Тимур, “Кумтөр” кениндеги коррупциялык схемалар ачыкка чыгып, бир канча депутат, мурунку премьер-министрлер камакка алына баштады. “Кумтөр” кенинде күтүлбөгөн жагдайлар орун алды. Мындан ары окуя кандай жагына өзгөрүшү мүмкүн?

- Жалпы жонунан ырастаганда, учурда жүрүп жаткан иштер, бул жаңы бийликтин келиши менен байланыштуу инерциясы десек болот. Негизи, “Кумтөр” жана ушул сыяктуу чоң ири долбоорлор тигил же бул саясатчынын жана аткаминердин катышуусусуз өтпөйт. Мисалы, “Кумтөрдөгү” коррупциялык схемаларды бир аз эле каза түшсө, чоң долбоорлордун алкагында билинбегени менен жүздөгөн, миңдеген ар түрдүү тендерлер ачыкка чыгат. Ошондой эле алар кандай жол менен тендерге катышканынын сырлары чыга башташы толук ыктымал. Негизи атайын кызматтарда маалымат кенен. Ошондуктан премьерлер, спикер жана депутаттар камалып жатат да. Бирок, бул жагдай абдан карама-каршылык менен коштолот. Ошентсе да, камакка алынгандар укуктук жана эң негизги саясий жоопкерчиликти сезиши керек.

- Айрымдар депутаттар тобу менен кимдир бирөөнүн гана тапшырмасын аткарган. Алар добуш бергени үчүн жоопкерчиликке тартылбашы керек деп жатышат го?

- Биз азыркы жана мурунку Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү жана камалган депутаттар улам-улам алмашкан Ак үйдүн убактылуу ээлери эмне дешсе ошолордун айтканын аткарып келишкен жакшы билебиз.

Тагыраагы, төңкөрүштөн кийин да так ушул камалган жана суракта сүйрөлүп жүргөн инсандар аргасыздан, коркондорунан жаңы бийликке Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда кандай “ляппай” дешсе, так ошондой “ляппай” дешкен.

Эми азыр алар, укуктук жоопкерчиликтен эмес, саясий жоопкерчиликтен коркуп жатышат. Анткени, саясий жоопкерчилик тарыхта жана учурдун мейкиндигинде укуктук жоопкерчиликтен жогору турат. Себеби, укуктук жоопкерчиликке тартуу аркылуу тергөө жана сот менен кызматташып, такыр болбой баратса жогору жактын тилин таап, “мамлекетке компенсация" берүү сыяктуу формулировкалар менен кутулса болоорун учурдагы режим баса белгиледи. Ал эми саясий жоопкерчиликтин кесепети, аны байланыштуу кубулуштар жана факторлор кайсы бир кылмыш иштин тигил же бул фигуранттын тагдырынан да чоң болууда. Мисалы, ушул камоолорго аймактар менен камалган тараптардын өкүлдөрү сөзсүз реакция кылышат. Саясат талдоочулар саясий талааны тазалоо, алдыдагы боло турган саясий тандоо жарыштарда атаандаштарды чекесинен чертүү менен байланыштырышат. Аймактык саясий структуралар деформацияга келип, солкулдоолор болуп, адам укуктары тебеленип, куугунтуктоолор жүрүп жатат деп, акыры алар жөнүндө жазгандар менен камоолорго кол чапкандар менен интернет айдыңында чабышуулар байма-бай болот.

- Бул күрөштүн аркасы эмне менен бүтүшү мүмкүн?

- Жыйынтыктап айтканда, бул процесстин баардык катышуучуларына, мамлекет башчыга, УКМКнын төрагасына жана тергөөдө жүргөндөргө оор болот. Анткени, бул тирешүү акыры эмнеге алып келет аны бир гана жараткан Аллах билсе керек. Ал эми биз божомолдой гана айта алабыз. Мыйзам ченемдүү көрүнүштөр болот го. Алардын бири оппозициянын катары ресурстуу жаңы күчтөр менен толукталышы мүмкүн...

Булак: “Майдан. kg” гезити