- Асан агай, “Кумтөр” кениндеги коррупциялык схемалар ачыкталып, бир канча депутат, мурдагы премьер-министрлер камакка алына баштады. Тизмени дагы кимдер толукташы мүмкүн?
- Бүгүнкү күндө бийлик “Кумтөр” кенинде 30 жылдан бери келе жаткан, эл билбеген жашыруун сырдын - Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгын саткан саткындардын бет пардасын ача баштады. Бул башталышы гана. Ал жерде өтө оор кылмыш иштери бар сыяктуу... Акыркы 25 жыл аралыгында президент Аскар Акаев баштаган, кийин Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда иштеген өкмөт башчылары жана көзү өтүп кеткен депутаттар, министрлердин далайы камала турган мезгил келди...
Аарынын уюгуна жармашып алгансып, буга чейин бири бирин колдоп келгендер эми бири бирин сата башташат... Тагыраагы, тозокко бири бирин сүйрөп киргендей эле эми түрмөгө бири бирин сүйрөп кире баштайт...
- Баса, “Кумтөрдөн” сый акыбы, стипендиябы алып, алардын таламын талашып жүргөндөр да жоопко тартылышы керекпи?
- “Кумтөрдөн” айлык алып жүргөндөр дагы камалышы керек! Ал турсун аларга коррупция беренесине кошумча чыккынчылык беренесин тиркөө зарыл! Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын саткан адам чыккынчы эмей эмне?... “Кумтөр” окуясы боюнча кылмышы барлардын баарына чыккынчы беренесин колдонгон туура болот. Же болбосо булар үчүн атайын атууга өкүм чыгаруу, ал дагы болбосо өмүр бою түрмөгө камоо туура болот. Мына ушундай катаал чараларды көрсөк, экинчи Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгын эч ким эч жакка сатпай калат.
- Бирок, камакка алынгандардын таламын талшып, ак жеринен караланып жатат деген таризде митингге чыгып, боштондугун талап кылып жатышат го?
- Туура. Камалгандардын таламын талашып, аларды актап, жактап митингге чыгып жатышат. Негизи, чыккынчыларды колдоп митингге чыгып жаткандарга Улуттук коопсуздук комитети эч кимди жөн жерден чакыра бербейт деп айтаар элем. Чакырдыбы?... Демек, ал жерде бир нерсе бар? Балким, бирөө арыз берди же көрсөтмө берди. Эми чакырылган киши адилет ак иштеген болсо, дароо эле чыкмак. Кармалдыбы. Сөзсүз биз билбеген бир балээ бар. Ар кимди көтөрүп жатабы? Демек, корко турган нерсеси бар? Күтө туралы туугандар!... Кыргызда жакшы сөз бар: “Ак ийилет бирок, сынбайт!”- деген... Ак болсо чыгат. Анын колун бирөө зордоп койдуруп койгон жок....
Убагында Жогорку Кеңеште спикер болуп турган Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду трибунадан сүйлөтпөй сөзүн укпай, сөз бербей койгон. Эми шашпай отуруп уксун!... Азыр түндүк-түштүк деген маселе жок! Биз азыр кыргыз элинин, кыргыз кенинин шорун шорподой кайнатып, балчыкка батырган ички душмандар менен күрөшүп жатабыз! Алар кыргыз элинин уулу эмес... Алар кыргыз элинин душмандары!... Элди шорго батырып бийликте жүрүп байыгандар, элди ойлобогон наадандар! Азыр биз белгилүү өнөр адамдары, элдин кадыр-барктуу аксакалдары так аныктама беришибиз керек! Азыр оңолуу жолуна карай багыт алдык буйруса. Акыйкат сөздү азыр айтпасак, качан айтабыз? Ушинтип оң жолго түшпөсөк, качан түшөбүз? Кайран, кыргыз элим, эми алданба!...
Булак: “Майдан. kg” гезити