Бизде таасирдүү саясатчылардын, акчалары самандай сапырылган байлардын бардыгынын жалданма фейкчилери, троллчулары же жалпак тилге салып айтканда, аттандаштарын, жаман көргөндөрүн шыбатып туруучу “кара шыбакчылары” бар. Алар шайлоолордо, кожоюндарынын кызыкчылыктарына бирөөлөр тийишкенде “Стахановдук” темпте иштегенге өтүшөт. Акыркы күндөрү бир топ таасирдүүлөр, акчалуулар кармалды, дагы бир топ лөктөрдүн баштарында кара булут коюулап баратат. Мурда кармагандардын бир нечеси миллиарддарды төлөп, үйлөрүнө чыгышты, Бирок, алардын жүрөктөрүндө күйүт, кек калды.


Алардын “кара шыбакчылары” тигилерди тергетип-тескетип, Кумтөрдөн, башка жерлерден жалмагандарын кустурганы жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди ылайына саман, топондор түгүл, ар кандай “кислоталарды” аралаштырып эле шыбашууда. Бирин карасаң “Ташиев тигинден 5 миллион доллар талап кылган экен, ал бербей койгондо каматып салыптыр. Тигинчиден тигинче жашылбай, түкүнчүдөн момунча суратыптыр. Аткезчиликти колдоп атат” деген эле примитивдүү “өрдөктөр”. Айланайындар, ишти жең ичинен бүтүргүлөрү келгендер аны жарыялап, убара болушчу беле? Кыргызстанда андай болбойт, бирөө көзүн ымдаса, экинчиси башын ийкейт, эгерде чайкаса, эки-үч чайкап, анан тез эле бири-бирин түшүнүшүп, ымалага келишет. Ал жерге жазгычтарды, айткычтарды же жегичтерди күбөгө чакырышпайт. Андай тымызындан көз кысуу болбогон жерде гана ала була өрдөктөр асмандата учуртулуп, стахановчу шыбакчылар өз иштерине шымалана киришерин бала деле билет.

Азыр Кыргызстанда К.Ташиевдей таасирдүү, акчалуу душманы көп адам жок. Ал кара башын тобокелге салып, коррупционерлерге каршы күрөшүп, уурдалган миллиарддардын издерин таап, аларды мамлекетке кайтарууга жан үрөп атат. Мындай учурда соцтармактарда, жер жайнаган сайттарда ага каршы “кара шыбакчылар” жан далбастап иштеп жатышканы бир жагынан мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Коррупционерлер менен күрөш күчөгөн сайын андай каралоолор да күчөй берерин бөркүбүздөй көрөлү. Анткени, Ташиев азыр көптөрдүн тамагына тыгылган кылкан болуп, түштѳрүнѳ кирүүдѳ. Муну эл деле билет, ошондуктан айткандарга, дегендерге эл деле ишенбей калган. Кербен жүрө берет... демекчи, башкысы, Камчыбек Кыдыршаевичтин ак ишин эл колдойт, ишине – ийгиликтерди, өзүнө кайрат - жигерди жолдойт. 

Мирлан Дүйшөнбаев