- Эркингүл эже, мурунку премьер-минстрлер, депутаттар “Кумтөрдөгү” алешемдиктер, коррупциялык иштер боюнча чекесинен камакка алынышты. Эми алардын катарын дагы кимдер толукташы мүмкүн?
- Негизи камоону Аскар Акаевден баштоо керек. Коррупциялык схеманын, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаган калпыс иштин баары ошол мезгилде башталган. Ошон үчүн коррупциялык келишимдер түзүлүп, “Кумтөрдөн” жең ичинен акча жеген адатка айланып калган. Кыскасы, “Кумтөргө” тиешеси бар чиновниктердин баары камалып, жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Кыргыз элине кыянатчылык кылгандар чет мамлекетте болсо да, камакка алуунун жолун табышыбыз керек. Анткени, эл алардын туура эмес чечимдери үчүн кыйналып жашап, талкаланган экологиянын кесепетин тартып жатат. Алар чет мамлекетте сайрандап, бейкапар жашап жүрөшөт. Ошондуктан, алар колдору менен кылганды мойну менен тартып, жоопкерчиликке тартылышы керек.
- Эми Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн да талкалоого уруксат берген депутаттар жана ошол кездеги бийликте тургандар да жооп бериши керекпи?
- Албетте, суу Кодексине өзгөртүү киргизип, Кыргызстан үчүн пайдалуу келишим түздүк деп элди алдаган Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков да элге, жерге, мөңгүлөргө кылган кыянатчылыгы үчүн жооп бериши керек. Анткени, Атамбаев суу Кодексине өзгөртүү киргизгенден кийин “Центерра” мөңгүлөрдү ойлонбой талкалап, уулуу заттардын курамын мөңгүгө төгө баштаган. Кыскасы, табийгатты талкалап, экологияны уулаганга жол бергендердин бири да жоопкерчиликке тартылбай калбашы керек.