- Сонунбүбү эже, “Кумтөр” кени боюнча депутаттар, мурунку премьер-министрлер чекесинен  камакка алына баштады. Бирок нааразы болгондор да ошол замат  саясий куугунтук деп чыгышты. Бул нерсенин кесепети бийликке тийип калбайбы?

- Эми акыл токтотуп, ой жүгүртүп көрсөк дал ушул “Кумтөр” үчүн азап тарткан, ага тиешелүү маселенин ийне-жибине чейин билген эр азамат элдин башына келди. Азыркы президентибиз Садыр Жапаровдон ашык эч ким бул маселени ачалык билбейт. Ошондуктан Садыр Жапаровду “Кумтөр” боюнча кандай чечим чыгарса да, жөн гана колдоп турганыбыз оң. Кесепети тийет деп отурсак, иш илгерилебейт. Ошондуктан, жемкорлордон кооптонбой эле баштаган иштин аягына чыгууга аракет кылышы керек.

- Бирок, күтүлбөгөн камоолордон улам бийликке каршы чыккандар, митинг уюштургандар көбөйө баштады го?

- Камоолорду батылдык менен баштаганы “Кумтөр” маселесинде  туура эмес иштердин көп экенинен кабар берет. Ошондой эле “Кумтөрдү” иштеткен компания менен табакташ болуп,  ичип - жегендери далилдене баштаган десек болот. Бул  Асылбек Шарипович спикер болуп турганда Садыр Нургожоевичти сүйлөтпөй, убакыт бербей, депутаттарды танаписке чыгарып жиберген жеринен ачык байкалган. Кыскасы, баары сүйлөшүп алып, "Кумтөрдүн" акчасына тайраңдап жүрө беребиз деп кыска ойлошкон. Мына, эми эл алдында жооп берсин. Бу жерде митингге чыгып, саясий куугунтук дештин кажети жок. Анткени, буларды камоодо саясий куугунтуктун элементтери жок. Муну элдин өчүн алуу, элдин акысын элге кайтаруу деп түшүнсөк болот. Жашасын элдин уулу Садыр Жапаров. Буйруса, эл байлыгы элге кайтат. Элдин ичиндеги түркөйлөр ар нерсе дей берет, ага маани бербей ишти улантып, "Кумтөрдөгү"  мыйзамсыздыкты, алешемдиктерди ачыкка чыгара бериши керек.