- "Кумтөр" кени боюнча депутаттар, мурунку премьер-министрлер да камакка алына баштады. Алардын камакка алынышы башкаларга сабак болобу?

- "Кумтөр" боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерди  жоопко тартып, башкаларга сабак боло турган кылыш керек. Кыргызстандын кызыкчылыгын көз жаздымда калтырууга  жол бергендерди жоопко тартпаса мындай иштер  кайталана бериши толук мүмкүн. Ошон үчүн кумт-р кениндеги алешемдиктерге жол берген азаматтарды аёосуз жазалаш керек. Тагыраагы, мамлекеттик кызматкерлер "эртеби-кечпи айыбым ачылып калса эмне болот" деп кооптонуп, мыйзамды бузуп, акча алып, кол койгондон баш тарта турган болушу керек.

-Бирок айрым депутаттар камакка алынаар менен эле Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары саясий куугунтук деп чыгышты го?
 
- Бизде ар бир төңкөрүштөн кийин мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар камалат. Өкүнүчтүүсү, 30 жылдан бери ошондой система калыптанып  калган. Келген бийлик кеткен бийликти камата берет. Башка жол жок. Бийликте тургандарга эл эч нерсе кыла албайт. Бардык былыктын баары  бийликтен кеткенден кийин чыгат. Ошон үчүн бийликтен кеткендер камалар замат  саясый куугунтукту беттерине кармашат. Кыскасы, камакка алынгандар  элди митингге чыгарганга, кайрадан төңкөрүш жасаганга, кайрадан бийликке келип былыктарын  жаап-жашырганга аракет кылышат. Ошентип партиялык, кландык ОПГ пайда болот. Булардын артында тымызын колдоо көрсөткөн  жалданма журналисттери, серепчилер, эбепчилери, дүжүр чалдары, дүжүр балдары, спортсмендери, ОПГлары  ал турсун органдарда иштеген өз кишилери болот. Ошолор колунан келишинче колдоо көрсөтүүгө, абалды татаалдаштырууга аракет кылышат. Алардын аракетинен пайда чыгаарын Кудай билет. Анткени, бардык нерсе алар каалагандай эле боло бербейт. Ошон үчүн ар кандай маалыматтарды таратып, чагымчылдыкка жол бербей тынч отурушса жакшы болот эле. Анткени, азыркы бийлик эч кимдин тиши өтпөгөн  "Кумтөр" маселесине киришип, ал жактагы алешемдиктерди ачыкка чыгарып, дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатат. Мындай учурда жардам бербесек да, тоскоолдук жаратпай турушубуз керек.